Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күн сайын болуучу, күнүгө боло турган, учурдагы. Күндөлүк оокат-тиричилик. Күндөлүк кабарлар. Кийим эмес, оокат үчүн Күндөлүк тапкан тыйын жок (Токомбаев). 2. Күн сайын же учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, байкоолорун, өз оюн ж. б. эскерип жазып жүрө турган дептер. Аскар күндөлүгүн төмөнкү сөздөр менен улады (Сыдыкбеков). 3. Үйгө берилген тапшырмалар, мугалимдин эскертүүлөрү ж. б. жазылуучу жана окуучунун алган баалары коюлуучу атайын үлгүдөгү дептер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮНДӨЛҮК СУБЭСЕП – аны андан ары аккумляциялоо максатында, келип түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн коомдук уюмдардын, фонддордун жана бюджеттик мекемелердин банктарда ачылуучу субэсеби.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Текущие трансферты (Current Transfers) —Безвозмездная передача реального или финансового ресурса, не являющихся трансфертами капитала. Текущие трансферты оказывают непосредственное воздействие на уровень располагаемого дохода и на потребление товаров и услуг.